Министрдин орун басарлары дайындалды

 

Министрдин орун басарлары дайындалды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 6-ноябрда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин  орун басарларын дайындады.  Министрдин орун басарлары болуп Ализа Солтонбекова,  Камалдин Токтосартов,  Жаңыл Алыбаева дайындалды.

Бул тууралуу Өкмөттун маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Буга чейинки министрдин орун басарлары Зууракан Каденова, Лунара Мамытова жана Жылдыз Полотова чет өлкөлөргө мыйзамсыз сапарлары боюнча жумуштан кетүүгө аргасыз болушкан. Ошондой эле экс министр Таалайкүл Исакунова да чет өлколүк сапарларына байланыштуу кызматтан кеткендиги белгилүү.

Премьер-министрдин буйругу менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү  министрлигине жаны министр—Улукбек Кочкоров дайындалган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты