Иштамберди алтын кенинде кар көчкү түшүп, төрт адам жараат алды

  • 1 год мурун

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Иштамберди алтын кенин иштеткен компаниянын жатаканасына кар көчкү түшүп, төрт киши кар алдында калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көчкү алдында калгандарды компаниянын кызматкерлери чыгарып, биринчи медициналык жардамды көрсөтүшкөн. Учурда баарынын абалы туруктуу экени кабарланды.

Тактоо иш-чараларын жүргүзүү максатында министрликтин райондук бөлүмүнүн куткаруучулары окуя болгон жерге чыгып, бирок Ала-Бука — Каныш-Кыя — Кировка унаа жолундагы кар көчкүдөн улам өтө алышкан эмес.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты