Журналисттик кесипти мен кандай элестетем?

 

Журналисттик кесипти мен кандай элестетем?Мен журналисттик кесипке бала чактан бери абдан кызыгам. Журналист болсом деген кыялымды орундатыш үчүн филология факультетине тапшырдым.  Эми ошол өзүм сүйүп тандаган журналисттик кесип тууралуу оюмду билдире  кетейин.

 Журналистиканын башаты 1924 – жылы 7 – ноябрда туңгуч «Эркин-Тоо» гезити жарыкка чыккандан башталат. Туңгуч гезитибизге  Аалы Токомбаевдин «Октябрдын келген кези» ыры басылган. Журналистиканын  түптөлүшүнө И. Арабаев, К.Карасаев, С.Карачев өз салымдарын кошкон. Алар оболу мамлекеттин түптөлүшү, өнүгүшү, мамлекет катары сакталышына басым жасашкан.

Бул белгилүү дата журналисттердин кесиптик майрамы катары 1993 – жылдын 1- ноябрында Кыргыз Өкмөтүнүн жарлыгы менен бекитилген.

Журналистиканын негизги максаты өлкөбүздүн биримдигине жана тынчтыгына, бейкуттугуна салым кошуу болуш керек деп түшүнөм. Анын ичинде коррупцияга башын малган аткаминер, алдым-жуттумдарды ачыктап, ал көрүнүштү түп тамырынан жок кылыш керек. Азыркы чыныгы журналисттин милдети ошол алдым-жуттумдардын коррупциялык иштерин элге жарыя кылып, бетин ачуу деп ойлойм.

“Журналист коомдун санитары” деп коюшат эмеспи. Чынында эле ар бир журналист коомду тазалаган санитар болушу керек. Эгемен Кыргыз Республикасына “дарт” таратып жаткан ар бир көйгөйлүү көрүнүш менен журналист катуу күрөшсө, анда биздин өлкөбүз тазарат. Мына ошондой журналисттердин бири Уланбек Эгизбаев болчу.

Бала кезимден кыялданып, журналист болом деп, мектеп китепканасынан гезит-журналдарды алып окудум. Кичинемде таасирленип окуган «Айданек» гезити мага абдан жагаар эле. Анткени анда кыздар койкоюп сүрөтүн чыгарып, алдына ыр жазышса, ал мага да кызык болчу. Кийин «Кутбилим», «Де-факто», “Кыргыз туусу”, “Фабула”, “ПолитКлиника”, “Ачык саясат” гезиттерин окуй баштадым. Ар бирин салыштырып окучумун.

10-11-класска чейин интернетке кире албай кыйналып жүрдүм. Интернет пайда болгону “Азаттык”, “Спутник”, “Клооп” сайттарын тынбай окуп калдым.

Ал эми азыр гезиттер аябай начарлап кетти. Кымбаттыгына карабай сатып аласың, бирок кызыктуу нерсе аз. Нускасы аябай түшүп баратат. Эмнеге андай деп ойлоно берем. Чынында байкасам эл маалыматтарды интернеттен эле окуп жатат окшойт.  Бирок ошол эле учурда гезиттер да эл күткөндөй боло албай калды.

Азыркы журналист кандай болушу керек? 

Азыркы заманбап журналист кандай болуш керек? Журналист болуу үчүн  тайманбас жүрөк, эрк, күч жана ыкчам ой жүгүртүү  керек деп ойлойм. Коомдогу көйгөйдү, чындыкты айтуу мен үчүн сыймык жана бакыт болмокчу!

Ошондой эле журналист англис жана башка чет тилдерди, жаңы технологияны да билген, ар тараптан өнүккөн адам болсо, ошол жетиштүүбү? Мен учурда англис тилин окуп атам. Жумасына үч жолу сабакка барам. Ноутбук да алдым. “Азаттык”, “Клооп” жана башка ЖМК журналисттерин карасам, макала жазып тим болбостон, видео да көрсөтүп жатышат. Анын баарын мен да үйрөнүшүм керек тура деп чебелектеп кетем ойлогондо.

Калем кармап, кагазга макала жазбастан, деги канча кырдуу адам болгондо мыкты журналист боло алам? Азырынча биринчи эле курстамын да, баарына жетишем деп жооткотуп коем өзүмдү.

7-ноябрь— басма сөз жана маалымат күнү менен журналисттерди куттуктайм. Бийлик менен элдин ортосундагы көпүрө силерсиңер, коомду тазалап жаткан санитар силерсиңер деп айтмакчымын!

Өтө татаал жана кызыктуу кесиптин ээсисиңер. Ысыкка калып, суукка тоңуп, алып келген маалыматты элге жеткирүү да өзүнчө искусство.

Мен өз максатыма жетиш үчүн, мыкты журналисттерден болуш үчүн, Мекениме ак кызмат өтөш үчүн талыкпай эмгектенем жана бүт күчүмдү жумшайм.

Айгүл Молдоканова,

Кыргыз Улуттук университеттин

филология факультетинин 1-курсунун студенти.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты