Бишкекте үч адамдын өлүмүнө шектелип кармалган жаран УКМКнын мурдагы кызматкери экени тастыкталды

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкекте үч адамды өлтүрүүгө шектелип кармалган А.Ч.К. аталган мекеменин мурдагы кызматкери экенин тастыктады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, А.Ч.К. 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына жумушка алынып, 2021-жылга чейин иштеген. Белгилей кетсек, аталган кызмат 2010-жылы жоюлуп, УКМКга түзүмдүк бөлүм катары киргизилген. Шектүү 2021-жылы пенсияга кеткенине байланыштуу 2021-жылы кызматтан бошотулган.

Милициянын маалыматына караганда, 16-февралда Бишкек шаарынын 5-кичи районунда адам өлтүрүү фактысы катталганы тууралуу кабар келип түшкөн. Милициянын тергөө ыкчам тобу кароо жүргүзүп, аталган даректе үч кишинин сөөгү табылган. Алар энеси, кызы жана уулу экени, алардын денесине оор залал келтирилгени аныкталган. Кароо учурунда адамдардын манжа тагы, буюм далилдер алынып, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза Кодексинин 122-беренеси (“Адам өлтүрүү”) кылмыш иши козголуп, шектүү катары Баткен облусунун 37 жаштагы тургуну А.Ч.К. кармалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты