Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Кыргызстандын энергетика секторуна колдоо көрсөтөт

  • 1 год мурун

Каржы министринин орун басары Руслан Татиков Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Борбордук жана Батыш Азия боюнча башкы директору Евгений Жуков менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Андагы маалыматка ылайык, жолугушууда 2023-2027-жылдарга Кыргызстан үчүн өнөктөштүктүн жаңы стратегиясы (ӨӨС), АӨБнын климаттын өзгөрүшүнө, энергетикага жана жеке секторго өлкөнүн стратегиялык инвестицияларын колдоо боюнча келечектеги планы, бюджетти колдоо маселелери талкууланды.

«Өлкөнүн энергетика тармагын жакшыртууга, инновацияларды киргизүүгө жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) өнүктүрүүгө маанилүү басым жасалды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты биргелешип өнүктүрүү, климаттын өзгөрүүсү, энергетика жана жеке сектор чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөрдү АӨБнын колдоосу боюнча макулдашылды«, — деп айтылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты