ИИМ: Бишкекте үч кишини өлтүрүүгө шектүү кармалды

  • 1 год мурун

Бишкек шаарында үч кишини өлтүрүүгө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 17-февралда кабарлады.

Милициянын маалыматына караганда, 16-февралда Бишкек шаарынын 5-кичи районунда адам өлтүрүү фактысы катталганы тууралуу кабар келип түшкөн. Милициянын тергөө ыкчам тобу кароо жүргүзүп, аталган даректе үч кишинин сөөгү табылган. Алар энеси, кызы жана уулу экени, алардын денесине оор залал келтирилгени аныкталган. Кароо учурунда адамдардын манжа тагы, буюм далилдер алынып, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза Кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») кылмыш иши козголуп, шектүү катары Баткен облусунун 37 жаштагы тургуну Ч.А. кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты