Бишкекте жаңы автобустардын биринчи партиясы каттамга чыкты

  • 1 год мурун

Бишкекке алып келинген жаңы автобустардын биринчи партиясы бүгүн, 17-февралда каттамга чыга баштады. Мэриядан билдиришкендей, 50 автобус 38, 42, 48-каттам боюнча жүрөт.

Автобустар 75 адамга ылайыкталган. Ичинде 8 USB кубаттагыч жана 5 камера бар.

Жаңы автобустар учурдагы маршруттук линиялар боюнча төмөнкү каттамдарда:

№ 38 автобус каттамы (Аламүдүн-1 кичирайон— 110 квартал) шаардын батыш жана чыгыш тарабын камтыйт, узундугу 37,4 км, аралыгы 7 мүнөт. 19 автобус бөлүнгөн.

№42 автобустук каттам (12-кичирайон – Ала-Тоо конушу) шаардын түштүк жана батыш тарабын камтыйт, узундугу 49,6 км, аралыгы7 мүнөт. 19 автобус бөлүнгөн.

№ 48 автобус (Батыш автобекети — Чыгыш автобекет (айланма)) узундугу 18 км, аралыгы- 7 мин. 14 автобус бөлүнгөн. №214 каттамдагы 42 кичи автобус алмаштырылат.

Калган автобустар жакынкы аралыкта каттамдарга чыгарылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты