Түркиядагы зилзалада каза болгон Мадина Бактачиеванын сөөгү жерге берилди

  • 1 год мурун

Түркиядагы жер титирөөдө каза болгон Мадина Бактачиеванын сөөгү өзү туулуп өскөн Токтогул районуна караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылында жерге берилди. Бул тууралуу 16-февралда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Муфтияттын маалыматына ылайык, Медина Бактачиева Түркияда жашап, эмгектенип жүргөн. Ал ушул жылдын 6-февралында Түркияда катталган зилзалада көз жумган. Маркумдун артында 1 уулу калды. Эне-бала 6 жылдан бери көрүшө электигин айылдаштары айтышкан.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркияда кырсыктан каза болгондор үчүн жети күндүк улуттук аза күтүү жана жабыркаган 10 провинцияда үч айлык өзгөчө кырдаал жарыялады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты