Өкмөт токтоп турган ишканаларды ишке киргизүүнү көздөйт

Өкмөт токтоп турган ишканаларды ишке киргизүүнү көздөйтБүгүн, 6-ноябрда, өкмөттүк жыйында ушул жылдын январь-сентябрь айларынын социалдык-экономикалык жыйынтыктары тууралуу сөз болду.   

Анда Премьер-министр  бир катар келечектүү долбоорлорду атады.

Чүй облусунда индустриалдык-логистикалык парктын курулушуя. ал 35 миңден ашык адамды жумуш менен камсыздайт,

Ош облусунда кубаттуулугу жылына 1 млн тонна цемент заводу, Чүйдө, Сокулук районундагы бут кийим фабрикасы ж.б.. Жыл аягына чейин «Кыргыз текстиль», Кичи-Чараат, «ТМАЙ-инвестмент холдинг» сыяктуу бир катар ишканалар ишке киргизилет.

Премьер-министр учурда токтоп турган 50 дөй ири ишкананы ишке киргизүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.  Макмал кениндеги өндүрүштү жандандырууну, ошондой эле Кадамжай сурьма комбинатындагы кичи-заводду ишке берүүнү тездетүүнү тапшырды.

“Курулуш тармагында 7,2%  жогорку өсүш катталган, бирок мында курулган обьектилерди кабыл алуу-тапшырууну тариздөө жыйынтыкталбай,  көйгөйлөр болууда. – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары бизнестин, ишкерлердин укугун жана алардын кызыкчылыктарын коргой турган Бизнес-омбудсмен институтун ишке киргизүүнү тездетүү керек экендиги айтылды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты