Биринчи жолу ит уурдоо жана өлтүрүү боюнча жаза берилди

Биринчи жолу ит уурдоо жана өлтүрүү боюнча жаза берилди

Биринчи жолу  ит уурдаган жана аны өлтүргөн факты сотко чейин жетти жана күнөөкөр жаза тартты. Бул тууралуу “ПолитКлиникага” итинен көз көрүнөө ажырап сотко кайрылган Гуля Алмамбетова билдирди.

Соттун чечими менен итти уурдап алган жана өлтүргөн Темирболот Сатыбалдиевдин эрки үч жылга шарттуу түрдө чектелди. Эми күнөөкөр шаардан тышкары жакка уруксатсыз  чыга албайт.  Кызматын алмаштырса бул тууралуу билдирип турат. Айына эки ирет белгиленип турат.

Күнөөкөр иттин ээсине 35 миң сом айып пул төлөп берет.

Айта кетсек, Спайс аттуу ит 23-июнда жоголуп кеткен. Итти бишкектиктер кошо издешкен. Ал үч айдан кийин табылган, бирок итти өлтүрүп коюшканы маалым болгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты