Ошто опузалап акча талап кылган деген шек менен кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

  • 1 год мурун

Ош шаарында опузалап акча талап кылган деген шек менен кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ушул жылдын 4-февралында Ош шаарында үч жаран Н.Ш.М. аттуу тургунду жолугушууга чакырып, андан ары белгисиз жакка алып барып коркутуп, андан 10 күндүн ичинде 600 миң сом таап келүүнү талап кылышкан.

Бул факты боюнча шектүү катары кармалгандардын бири аралаш мушташ боюнча “Нага Грэпплинг” федерациясынын президенти К.у.Б. экени маалым болду.

Учурда кармалгандар УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты