Өкмөттүк жыйында бүгүн, 6-ноябрда, Экономика министри Олег Панкратов нефтини кайра иштетүүчү Кара-Балтадагы “Джунда” заводунун иши токтотулганын билдирди.
“Заводдо абал оор. Иш токтоп калды. Заводдун салык боюнча карызы 200 млн сомго жетиши мүмкүн” деди О. Пангратов.
Буга чейин “Джунда” заводунда иштеген жумушчулар Президентке кайрылуу жасашкан. Жумушчулар заводдогу абалга, жумушчулардын айлыгы, иштөө-шарттарына нааразы болушкан.
Мурда 2014-жылы эле текшерүү болуп, жумушчулардын айлык акысын 10 миң сомдн 20 миң сомго көтөрүүнү сунуштаган. Бирок аткарылган эместигин билдиришкен.
Заводдун тегерегине 3 миң бак-дарак олтургузуу керек болсо, 100 дөн ашпаган дарак олтургузулган.
Эмгек келишими, техникалык коопсуздук сакталбайт, Ремонт иштери жасалса да, коопсуздук эрежелери сакталбайт. Заводдо өрт чыкканда өрт коопсуздугу сакталбаганы аныкталган. Булардын баарын жумушчулар айтып чыгышкан.