Кемпир-Абад иши: Мамбетжунус Абылов тергөө абагынан ооруканага которулду

  • 1 год мурун

Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган Мамбетжунус Абылов Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу Абыловдун жактоочусу Эркин Булекбаевдин маалыматына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Абылов бир канча күндөн бери саламаттыгына даттанып жүргөн жана ага эми операция жасалмакчы.

Мамбетжунус Абылов өткөн жылдын октябрында Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт камоолору учурунда кармалган. Ошондон бери Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат. 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп атап жатышат.

18-январда Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын ишине “жашыруун” макамы берилгени маалым болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты