Ысык-Атада төрөттөн кийин каза болгон келиндин өлүмүнө байланыштуу төрт дарыгер иштен алынды

  • 1 год мурун

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда төрөттөн кийин каза болгон 19 жаштагы келиндин өлүмүнө байланыштуу төрөт үйүнүн төрт кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу 3-февралда Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган иш боюнча “ыкчам сапаттуу акушердик жардам көрсөткөн эмес, жумушун талаптагыдай аткарган эмес” деген негизде Ысык-Ата райондук Жалпы дарыгерлик практика борборунун (ЖДПБ) директору Р. Мукаева, директордун орун басары Н. Сабырова, төрөт бөлүмүнүн башчысы А. Бегалиева жана №1 төрөт үйүнүн акушер-гинекологу А. Маматалиев иштен алынды.

Ошондой эле “ыкчам акушердик жардамды сапаттуу көрсөтүү ишин жетиштүү координацияланган эмес” деп Чүй облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Б. Мамытовага сөгүш жарыяланды.

Укук тартибин коргоо органдарынын юридикалык баасы берилгенден кийин ЖДПБнын айрым кызматкерлерине чара көрүлөрү айтылды.

Өткөн айда Чүй облусундагы Ысык-Ата ЖДПБнын төрөт бөлүмүнө кайрылган 19 жаштагы келин каза болгон.

Министрлик буга жаңы көз жарган энеде полиоргандык жетишсиздиктин натыйжасында сепсис пайда болгону себеп экени аныкталганын расмий билдирди.

Буга чейин маалымдалгандай, жаш келин төрөт үйүнө 3-январда кайрылган. Баласынын да, өзүнүн да абалы жакшы болчу. 6-январда канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылган. Бирок 11-январда өзүн жаман сезип, жүрөгү айланып, кускусу келип, дарыгерге кайрылганда ал ооруканага жаткырылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты