Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

23-январда Маданият министрлиги “Азаттыктын” ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча сотко доо арыз менен кайрылганы белгилүү болду.

Андан соң социалдык тармактарда басылманы жабууга үндөгөн посттор чыга баштаган.

Эске салсак, январдын башында дагы Kaktus.Media басылмасына карата ушундай чабуулдар болгон. Ага чейин Kaktus.Media президенттин кайрылуусу хромакейдин фонунда тартылган деп божомолдогон. Редакция журналистика принциптеринин талабына ылайык, ката кетиргени үчүн окурмандардан жана президенттик администрациядан кечирим сурап, материалды сайтынан өчүргөн. Бирок, буга карабай, массалык маалымат каражатын жабуу боюнча агрессивдүү чакырыктар бир нече күн бою уланган. 

Bulak.kg социалдык тармактарга саресеп салып, ЖМКлардын жабылышын кимдер талап кылып атканын аныктады. 

Биз YouScan ресурсунун жардамы менен 2023 -жылдын 1-январынан 26-январына чейин социалдык тармактарда төмөнкү сөздөр камтылган бардык комментарий жана постторду алып чыктык:

— “Азаттык” жабылсын” 

— “Кактус” жабылсын” 

— “бузуку сайт жабылсын” 

 — “бузуку сайттар жабылсын” 

 — “Азаттыкты” жапкыла”  ж.б.

Комментарий жана посттордун басымдуу бөлүгү 1-январда, Kaktus.Mediaнын хромакей тууралуу макаласы чыккан күнү жана 24-январда, Маданият министрлиги “Азаттыкка” карата доо арыз калтырган соң пайда болгон. 

Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 
Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

Жалпыга маалымдоо каражаттарын жабууга үндөгөн маалыматтын 91%ы Facebook социалдык тармагында жарыяланган. 

Мындай пикирдин 9%ы YouTube видео хостингинде жана  1%га жетпегени Instagram ж.б. тармактарда жазылган. 

Бардыгы болуп жогоруда айтылган сөздөр камтылган 659 комментарий жана пост калтырылган. Бирок алардын баары негативдүү контекстте берилген эмес.  

Мисалы, система Жакшылык Бердибек уулунун “Азаттык” тууралуу сурамжылоосун жана анын алдындагы 34 пикирди дагы алып чыккан. Себеби бул постто дагы биз издеген “Азаттык жабылсын” деген сөз айкалышы камтылган. 

Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

Жакшылык Бердибек уулунун сурамжылоосуна негизинен чыныгы колдонуучулар катышып, алардын басымдуу бөлүгү тескеринче “Азаттыктын” жабылышына каршы пикир калтырганын көрө алабыз. 

Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 
Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

Андыктан, биз эркин медиаларга каршы эң көп билдирүү калтырган авторлор ким экенин талдап көрдүк.  

Фейк-аккаунттар менен УТРКнын байланышы 

Система эң көп билдирүү калтырган авторлордун тизмегин чыгарып берди. Алардын ичинен алдынкы 5 колдонуучуну карап көрөлү. 

Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

ЖМКлардын жабылышын эң көп талап кылган колдонуучу Yasmin Kudratulla алгач Kaktus.Media басылмасына чабуул кылса, кийин окшош тексттерди “Азаттыка” карата калтырып баштаган. Бул колдонуучу бардыгы болуп 23 тайпага бирдей чакырык калтырган.   

Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 
Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

Анын баракчасынан чыныгы профилге таандык белгилер табылган жок: 

Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

Белгилей кетчү жагдай, Yasmin Kudratulla президент Садыр Жапаровду мактоого алган посттор менен дагы бөлүшөт.

Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

Ал эми Малика Тургунова аттуу колдонуучу “Азаттыктын” жабылышын талап кылган билдирүүлөрдү 19 ирет түрдүү тайпага калтырган. 

Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

Эми Малика Тургунова фейк экенин далилдеп берели. Ал аватарга розанын сүрөтүн койгону менен, мукабада башка кыздын сүрөтүн колдонгон. 

Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 
Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

Белгилей кетсек, бул фейк-аккаунт УТРК чыгарган маалымат менен байма-бай бөлүшүп келет. 

Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 
Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

 “Азаттыктын” жабылышын талап кылган дагы бир күмөндүү аккаунттардын бири – Өмүр Өмүрбек. Анын профилинде бир гана алыстан тартылган сүрөттү көрүүгө болот. 

Өмүр Өмүрбек ошкош текстти 17 ирет түрдүү тайпаларга калтырган. 

Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 
Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

Анын пикирин “тең бөлүшкөн” Жамал Бийназарова дагы  Kaktus.Media менен Kloop басылмаларына каршы билдирүүлөрдү жазып жүрүп, кийин Yasmin Kudratulla сыяктуу көңүлү “Азаттыкка” бурулган.   

Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 
Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

Баса, Жамал Бийназарова дагы фейк – анын аватарга колдонгон сүрөтүнүн бири Интернет айдыңында буга чейин 36 ирет жарыяланган.

Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 
Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

Жамал Бийназарова аттуу фейк аккаунт Kaktus.Media, Kloop, Azattyk басылмаларына гана каршы болбостон, иликтөөчү журналист Болот Темиров тууралуу дагы терс билдирүүлөрдү калтырган. Ал Темиров тууралуу пикирин бардыгы болуп 25 жолу бөлүшкөн. 

Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 
Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

ЖМКларга каршы чыккан бешинчи аккаунт Айзада Атабаева аттуу колдонуучуга таандык. Ал Kaktus.Media басылмасынын ишмердүүлүгүн токтотууга үндөгөн 14 билдирүү калтырган. 

Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

Айзада Атабаева Болот Темиров Россия жараны экени айтылган тасма менен дагы бир нече ирет бөлүшкөн.  

Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

Белгилей кетсек, бул колдонуучуну УТРК кызматкери Usubaly Kaganat өз билдирүүлөрүндө бир нече ирет белгилеген. Эске салсак, Усубалы буга чейин профилин USB Mb деп атап, УТРКнын башка кызматкерлери менен бирге Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишин жактап чыккан. Мындан тышкары, электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүп аткан учурда жарыкты үнөмдөө тууралуу окшош постторду бөлүшкөндөрүн бири болгон

Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 
Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 
Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 
Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

Баса, УТРК кызматкерлери дагы социалдык тармактарда Kaktus.Media басылмасынын жабылышын талап кылган. 

Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 
Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 
Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 
Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

Жыйынтык: Эркин медиаларды жабууга үндөгөн эң көп билдирүүлөрдү фейк-аккаунттар калтырган. Алардын риторикасы УТРК кызматкерлеринин жазган комментарийлерине түспөлдөш. 

Булак: Bulak.kg  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты