Индиялык инвесторлор Кыргызстанда медициналык камсыздоонун жаңы системасын киргизүүнү сунушташты

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Индиядан келген инвесторлордун делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта жолугушууда инвесторлор Кыргызстанда медициналык камсыздоонун жаңы системасын киргизүүнү сунушташканы айтылат.

Алар сунушталып жаткан медициналык камсыздоо системасы каржылоо жагынан айырмаланарын, ага медициналык кызмат көрсөтүү гана эмес, медициналык мекемелерди оңдоо, жабдууларды сатып алуу жана чет элдик кесиптештер менен тажрыйба алмашуу аркылуу медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу дагы камтыларын билдиришкен.

Пилоттук долбоордун алкагында сунушталган система алгач төрт ооруканага киргизилет.

Министрлер кабинетинин башчысы инвесторлорду уккан соң саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатыровага сунушталып жаткан долбоорду дыкат иликтеп чыгууну, ошондой эле аны ишке ашыруу, анын ичинде 4 пилоттук долбоордун алкагында баштапкы этапта ишке киргизүү боюнча сунуштарды берүүнү тапшырды.

Акылбек Жапаров бул система аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана калктын социалдык жактан аяр катмары үчүн мүмкүн болушунча ийкемдүү жана жеткиликтүү болушу керектигин белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты