Шопоковдо калкты тейлөө борбору ачылды

Шопоковдо калкты тейлөө борбору ачылды

  1. Шопоков шаарында бүгүн, 5-ноябрда, Калкты тейлөө борбору ачылды. Анын ачылышына вице-премьер Жеңиш Разаков катышты.

Ж. Разаков калкты тейлөө жагынан жаңы шарт, мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатканын белгилеп өтүп, буларга токтолду.

«Бүгүнкү күнү Калкты тейлөө борборлорунда бардык шарттар түзүлгөн, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмү, жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү, ошондой эле документтештирүү үчүн бардык зарыл кызматтар жайгаштырылган. Арыз ээлери талап кылынган документтерди имараттан тышкары чыкпастан топтоп жана мамлекеттик кызматтарды пайдалануу үчүн арыз калтыра алышат», – деп белгиледи Жеңиш Разаков.

Мындан тышкары транспорттук каражаттарды каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү алуу жаатында Калкты тейлөө борборунун үлгү моделин түзүү зарыл.

Вице-премьер-министр бул борборго алгачкы болуп арыз менен кайрылган жаранга жаңы үлгүдөгү ID-паспорт жана жаңы төрөлгөн ымыркайдын ата-энесине туулгандыгы тууралуу күбөлүк тапшырды.

Шопоков шаарындагы КТБ жаңы имаратынын аянты 800 м2 түзөт. Жарандарга паспорт, кызматтын 36 түрү көрсөтүлөт. Ошондой эле жаңы формат боюнча фото, касса, нотариус жана салтанат залынын кызматтары каралган.

Бул маалыматты Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

 

 

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты