Бакыт Төрөбаев: Быйыл 50гө жакын чакан ГЭС курушубуз керек

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев быйыл Кыргызстанда 50гө жакын чакан ГЭС куруу зарыл экенин билдирди. Бул тууралуу ал Энергетика министрлигинин коллегиясынын жыйынында айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 2022-2023-жылдын күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн 1-апрелге карата Токтогул суу сактагычына 8,6 млрд м³ суу топтоо пландалууда. Быйыл 2,2 млрд. кВт саат электр энергиясын импорттоо каралган.

Ал эми республика боюнча көмүрдүн керектөөсү – 2 996,6 миң тонна, күйүүчү мазуттуку– 48,5 миң тонна.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты