Кытайдан Кыргызстанга жардам иретинде 100 даана жаңы өрт өчүрүүчү унаа келди

  • 1 год мурун

Кытай Кыргызстанга жардам иретинде 100 даана жаңы өрт өчүрүүчү унаа берди.

Алардын ичинен 75и 5 тонналык, 10у 8 тонналык өрт өчүрүүчү унаа, 10у өрткө каршы авариялык куткаруу унаасы, агитация, пропаганда ишине колдонулуучу 2 автобус, 50 метрлик 3 автошаты.

Белгилей кетсек, буга чейин 2022-жылдын март айында Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу» (ERIK) долбоорунун алкагында 58 даана өрт өчүрүүчү унаа Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүлүп берилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты