Ит уурдоо жана өлтүрүү боюнча Кыргызстанда биринчи жолу сот процесси жүрүп жатат

Бүгүн, 5-ноябрда Свердлов райондук сотунда ит урдоо жана өлтурүү бонча соттун чечими чыгат. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ит өлтүрүү боюнча сот процесси каралып жатат.

Ит уурдоо жана өлтүрүү боюнча Кыргызстанда биринчи жолу сот процесси жүрүп жатат

Бул тууралуу иттин кожойкеси Гуля Алмамбетова «ПолитКлиникага» берген интервьюсунда биддирди.

Шаардык милиция “Элдер жоголуп жатса. Силер бизге итиңер менен келесиңер.”-деп койду

23-июлда Спайс деген итибиз жоголду. Ал күнү апамдын туулган кунү болгондуктан эстеп калдым. Колум бошобой калганда, баланы караган няня дагы итти эшикке чыгарып турчу. Ошол күнү дагы эшикке чыгарып кеткен, анан бир жарым сааттан кийин Спайсты таппай жатам деп чалып калды. Үй-бүлөбүз менен издеп баштадык.Чуркап келип калабы деп 3-4 күн уктабай күттүм. Төрт-беш күн өтүп кеткенде бир нерсени сезе баштадым. Шаардык милиция бөлүмүнө барсак, күлүп коюушту. “Биз албайбыз. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына баргыла. Адамдар жоголуп жатса, силер бизге итиңер менен келесиңер.”-деп жакшы сөз деле уккан жокпуз.

Президентке жеткен кат

—Анан социалдык тармактар аркылуу издеп баштадым. Аябай көп киши колдоп жатты. Таптакыр тааныбаган кишилер өздөрүнун акчасына жарыя басып чыгарып, таратып жатышты. Ал эми шаардык ички иштер башкармалыгы арызды кабыл албай “Бүгүн келгиле, эртең келгиле,”-деп жатышты. Анан короодогу алкаштар айтып калышты, “Боз түстөгү машина салып кеткен”- деп. Ошондо кейип, эмне кылаарымды билбей, кечинде ыйлап, “Милиция президенттен башка кимди укмак эле.” деп койгом. Эртең менен турсак эле балам “Апа, мен президентке кат жаздым. Сен тааныйсыңбы аны? Алып барып берип койчу,”-деди. Интернетке чыгарсам, ошол замат баары чалып, милиция издей баштады.

300 машинанын ичинен таптык

—Дүкөндүн камерасы бар болчу, ал камерасы бир күн эле иштейт экен. Анан банктыкы дагы бар болчу, ага барсак бербей коюшту. “Милиция кызматкерлери «жок бере албайбыз.”-деп. Милиция кызматкерлери өздөрү барып, камерага жазылгандарды алып, издей башташты. Машинанын өңү жана маркасын билип Мамлекеттик каттоо кызматы аркылуу издегенде, андай 300 машина чыкты. Ошол күнү кечинде эле, инстаграмдан биздин жарыяны көргөн бала чалып машинанын номерин берди. Номери менен түсүн салыштырып Спайсты салып кеткен кишини таптык. Милиция кызматкерлеринин өздөрүнүн иликтөө ыкмалары бар экен, ошол аркылуу машинанын ээси жайгашкан жерди табышты.

Университеттин окутуучусу уурдаганбы?

—Иним тергөөчүлөр менен чогуу барды. Тергөөчүлөр сураганда баарын мойнуна алыптыр. “Ооба, көргөм. Аны мен алып кеткем.”- деп. Иттин өлгөнүнө бир жума болуптур. Бирок, “Тамак ичпей койду. Чынжырга байлаганда бошоном деп муунуп калган. Кошуна өлтүргөн.”-деп ар кандай шылтоону айтып өлтүргөнүн мойнуна алган жок. Биринчи тергөө иштери жүрүп жатканда, бир эже чалып кекеткенге чейин барды. “Бир иттин аркасынан байкебиздин тагдырына балта чаап жатасыңар.”-деп. “Ит болобу, мышык болобу, бирөөнүн мүлкүн алып мыйзам бузду байкеңер.” –деп жооп бердим. “Башка ит алып берейин. Акча берейин.”-деген сунуштарын айтты. Аларды баарына макул болгон жокмун. Ал кишинин аты-жөнү Сатыбалдиев Темирболот.

Сатыбалдиев Темирболот- И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин мугалими жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын калысы.

Иштин аягына чыгам

Ит уурдоо жана өлтүрүү боюнча Кыргызстанда биринчи жолу сот процесси жүрүп жатат

—Буйруса, иштин аягына чыгам. Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 164-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголуп, биринчи соту 31-октябрда өттү. Ошондо баарын мойнуна алды, “Бирок уурдаган эмесмин, жөн эле көчөдөн ээрчитип кеткем”-деди, Эгерде жөн эле көчөдөн ээрчитип кетсе кайтарып бермек да. Кулагында эңи бар, ошол аркылуу тапса болот. Анткени,  мергенчи иттердин кулагында эңи болот. Ошол аркылуу катталган номерин тапса болот.  Бүгүн бул иш боюнча чечим чыгат.

Кылычбек кызы Ырысбү

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты