Дүйнөнү кыдыргыңыз келсе, шайтан арабадан баштаңыз…
- 9 лет мурун
- Маек
Каармандарыбыз велосипед менен дүйнө кыдырууну максат кылып Түркиядан жана АКШдан келишиптир. Арасында бир дөңгөлөктүү велосипед менен жер шарын багындыргысы келген эр жүрөктүүсү да бар. Алар дээрлик үч жылды саякатка арнагысы келишет. Алты өлкөнү кыдырып, алар эми Кыргызстанга келип жетишти. Кийинки өлкө – Кытай. Төмөндө сиздерге бул саякатчылар – Милах, Зехиде, Эдуард менен болгон эксклюзивдүү маекти сунуштамакчыбыз.
-Кыргызстанга кош келипсиздер! Алгачкы суроом: Эмне максат менен мындай чечимди кабыл алдыңыздар?
Милах:-Дүйнө өтө кеңири, анан биз колубуздан келишинче саякаттоону каалайбыз. Бул жашоону ар түрдүү мүмкүнчүлүктөр менен да жашаса болорун далилдегибиз келет. Негизи жолдо өзүбүздү дагы да тынч, бейкапар сезебиз. Эң маанилүүсү башка жактарда да башкача жашоо бар экенин көрүп-билип, үйрөнгүбүз келет. Жолдо катар жаңы нерселерди үйрөнгөн сайын, сапарыбыз максатына жетип жаткандай туюлат.
-Үч жыл деген оңой убакыт эмес да, бардыгын таштап, жалаң саякаттоого, болгондо да шайтан араба менен, кантип бел байладыңыздар, ата-энеңиздер каршы болгон жокпу?
Захиде:– Студент кезде Эдирне шаарында (Түркия) сабактан кийин кафеде официант болуп иштечүмүн. Жашоом жалаң окуу, анан жумуш эле болуп калган. Коёндой окшош күндөр чындыгында тажатып жиберди. Анан “Work and Travel” программасы менен англис тилин үйрөнө баштадым. Тилди үйрөнүп, Пуэрто -Рико шаарына иштегени кетип калдым. Жашоо образымды өзгөртүүгө бул аймактын эли абдан таасир калтырды десем болот. Алар эртең менен саат ондон кечки төрткө чейин гана иштешет экен. Ага жараша акчаны да жакшы төлөп беришет. Калган убактыларынын баарын эс алууга, саякаттоого жумшашат. Пуэрто -Рикодо велосипед менен саякаттагандарды көрүп, ушундай да болобу деп таң калар элем. Көрсө чыныгы ырахат ушунда экен.
-Эмне үчүн шайтан арабаны тандап алдыңыздар?
Мелих:– Анткени велосипед менен бензин коротпойсуң, чыгымы аз, майда-чүйдөнү көрө билүүгө мүмкүн боло тургандай жай жүрсөң да болот, бузулуп калса оңдоп алуу оңой. Эң негизгиси, буюм-тайымыбызды ташып жүрө ала тургандай күчтүү. Бизди жер кыдыртуудан бөлөк зыяны жок чынында.
-Жолдон кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатасыздар, тамак-аш, баш паанек, коопсуздук дегендей?
Захиде: -Жолго чыкканыбызга төрт ай болду. Кыргызстан– алтынчы өлкөбүз. Чынын айтсам, кыйынчылыктар, коркунуч туудурган учурлар деле болгон жок, болбой эле койсун. Өзүбүздүн чатырыбыз бар, кийим-кечебиз кенен. Көбүнчө айылдарда жолдон жолуккандар тамактанып алгыла деп үйлөрүнө чакырышат, анан сүйлөшүп отуруп эле бүгүн мында калгыла деп алып калышат. Кээде милициялар токтотушат, бирок алардын биздин документтерге кызыккан түрү деле жоктой, “Эмне кылып жатасыңар?”, “Кайдан келатасыңар?” деген суроолоруна гана жооп алууга ашыгышат.
-Жуунуп-тазалануу маселеси кандай болуп жатат?
Захиде:— Деңизге, көлгө түшүп алууга аракет кылабыз. Көбүнчө жуунууга шарт болбой калат. Бир окуя эсиме түшүп кетти. Күн жылуу болгондуктан, деңизге түшүп чыктык. Жуунуп алалы десек душ жок. Денебиздин баары туз, эмне кыларыбызды билбей, бир дааратканага бешөөбүз кирдик. Суюк самын менен денебизди ошол эле жерден жууп кирдик. Бизди көргөн америкалыктар таң калып да, күлүп да жатышты.
-Эдуард, айтсаңыз, эмне үчүн бир дөңгөлөктүү шайтан араба менен дүйнө кыдырууну чечтиңиз?
Эдуард: – Мен 2015-жылдын 14-мартында дүйнөнүн 18 миң миль аралыктагы бөлүгүн бир дөңгөлөктүү шайтан араба менен кыдырып чыгууга сапар алдым. Себеби башкалардан өзгөчөлөнүүнү кааладым. Жалгыз дөңгөлөк болгону оорчулук жаратпай койбойт, бирок ага карабай эле тээп келатам. Бул велосипеддин дизайнын атам өзү иштеп чыккан, мен аны бир фирмага жасатып алып айдап жүрөм. Негизги максатым – дүйнөнү расмий түрдө бир дөңгөлөктүү шайтан араба менен кыдырып чыккан эң биринчи киши болуу.
-Саякаттан кийин кандай өзгөрдүңүздөр?
Милах:–Башында эмне максатта саякатка чыгасыңар дешсе, жер көргүбүз келет, эс алгыбыз келет деп жооп берчү элек. Эми бул суроого жообубуз да өзгөрдү. Тагыраагы, биринчи максатыбыз жер көрүү эмес, башкача жашагандар да бар экенин, анда адамдар ар кандай кыйынчылыкта же жыргалчылыкта күн көрүп жатышканын, дегеле жашоону аңдап-билүү болуп калды.
Эдуард: – Абдан философ болуп кетет экенсиң. Анткени жолдо кенен-кесир ойлоно аласың, чектөө жок. Мурда-кийин кетирген каталарыңа өкүнөсүң, экинчи кайталанбайт деп өзүңө убада бересиң. Жакындарыңдын, дегеле адамдардын кадырын билесиң, айтор, жеке адамдык сапаттарың бир тепкич болсо да жогорулайт экен.
-Сиздерге Кыргызстан кандай таасир калтырды?
Милах:- Мен “Манас” эпосу тууралуу айткым келип жатат. Кыргыз элинин калмактарга каршы күрөшүн сүрөттөгөн “Манас” дастаны 500 миңден ашык саптан турат экен. Бул эпос ошол эле учурда кыргыздардын маданиятын, башка элдер менен болгон алакасын жана да тарыхын кучагына алат. Көпчүлүгү дастанды жатка билишет. Айрым манасчылар эң көлөмдүү (500553) версияны күндөп-түндөп уктабастан жатка айтышат экен. Керек болсо азыр да “Манас” эпосуна дагы кошумчалар киргизилип жатыптыр. Угуп жатканда айрым сөздөрдү гана кармап калбаса, бардыгын түшүнө берүү чоң күчтү талап кылат.
Эдуард:– 40 сааттык жол жүргөндөн кийин чарчаган, жүдөгөн анан да уйку менен жуунууга зар болгон абалда Кыргызстанга келип түштүм. Саат таңкы үчтөр чамасында Бишкек шаарына келдим. Келип эле бул түнү кайда уктайм деп ойлонуп баштаган элем. Буюмдарымды ирээттеп жатсам, бир бала келип калды. Көрсө ал баланын аты Даниел экен. Өтө таң калычтуусу ал жигит тааныбаган эле мени үйүнө чакырды. Апасы менен ошол аралыктарда чогуу турушат экен. Апасы Гүлия эже экөөнүн меймандостугуна аябай ыраазы болдум. Эртеси түркиялык велосипедчилер Милах менен Захиде менен байланышып, Кыргыз-Түрк ”Манас” университетине бардык. Ал жакта бизди окуу жайдын Бүлент аттуу окутуучусу тосуп алып, үн жазуучу студияга алып киришти. Эми бул интервью Кыргызстандын жарымынан көбүнө жетет.
-Эми алдыдагы саякат планыңыздар менен бөлүшө кетпейсиздерби?
Захиде: -Эми Кытайга жол тартабыз. Ал эми планыбызда негизинен беш материк бар: Азия, Австралия, Америка, Африка, Европа. Мунун ичинен 40тан ашык өлкөгө баралы деп турабыз. Жалпысынан 40 миң километр жолду басып өтөбүз. Буга орточо эсеп менен үч жыл керектелет. Кышкы суукка да даяр экенибизди айта кетпесем болбос.
-Дүйнөнү кыдырыш үчүн көп акча керек го?
Милах:-Биз катардагы эле карапайым үй-бүлөнүн балдарыбыз. 500дөй колунда барлардын почтасына кат жөнөттүк. Анын төртөөнөн жооп келди. Жакындарыбыз, досторубуз, иштеген жерибиздеги жетекчилер болгон жардамын көрсөтүштү. Кудайга шүгүр, үч жылдык саякатыбызга жете тургандай каржы топтоп беришти. Айына 200-300 АКШ доллардан сарптап жатабыз.
-Саякаттан кайткандан кийин эмне кылалы деген ойлор бар, кесибиңиздер менен иштейсиздерби?
Милах: -Жоок, Захиде экөөбүздүн банк кызматкери бололу деген оюбуз жок. Болгону бир уюм ачып, биз сыяктуу дүйнөнү шайтан араба менен кыдырам дегендерге моралдык, материалдык колдоо көрсөтөлү деп жатабыз.
Жыпара Дөөтказы кызы