Бишкекте текстиль жумалыгы өтөт

Бишкекте 7-16-ноябрда текстиль жумалыгы өтөт. Бул Кыргызстандагы текстиль-тигүүчүлүк өнөр жайына арналган  биринчи иш-чара болуп саналат.

Бишкекте текстиль жумалыгы өтөт

Кожомкул спорт ордосунда 7-ноябрдан 11-ноябрга чейин жергиликтүү тигүүчүлөр жарманкеси өтөт.

13- 16-ноябрда “Жаннат” мейманканасында мода жумалыгы өтөт. Анын алкагында “The Next Fashion” аталышындагы жаш дизайнер сынагы, “Fashion Brand” өндүрүш компаниялар сынагы өткөрүлөт.

Ошондой эле “Жанатта” текстиль өнөр жайына арналган Тегерек стол болот.

Кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү жана кол өнөрчүлөрдүн “Алтын тоос” сынагы өтөт.

Иш-чараны КР Өкмөтү, “Легпром” -жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы, фешн дизайнерлер ассоциациясы, “Дайры” коомдук фонду, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду жана бир катар уюмдар уюштурууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты