«Digital CASA» — КР» долбооруна 50 млн доллар бөлөт

«Digital CASA» - КР" долбооруна 50 млн доллар бөлөт

Жогорку Кеӊештин бюджет жана финансы комитетинде Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы «Digital CASA» — Кыргыз Республикасы” долбоорун каржылоо тууралуу макулдашуу долбоору каралды.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин берген маалыматына караганда, Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоцициясы «Digital CASA» долбоорун каржылоо үчүн 50 млн доллар бөлүүгө даяр, анын 50 пайызы насыя жана 50 пайызы грант болуп саналат. Каражат 38 жылдык мөөнөт менен берилүүдө.

«Digital CASA» долбоору 2019-жылдан тарта ишке ашырыла баштай турганы, анын операторлору сынак аркылуу тандалып алына турганы белгилүү болду.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы бүгүн, 5-ноябрда билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты