Олимпиада жеңүүчүсүнө 10 млн сом. Спортчулардын сый акысы тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында “Дене тарбия жана спорт жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоорунун демилчечилери — депутаттар Жусупбек Коргонбай уулу, Шайлообек Атазов жана Шайырбек Ташиев.

Мыйзам долбоору боюнча маалымат берген Шайлообек Атазов долбоордо эл аралык мелдештерде жеңишке жеткен спортчуларга бир жолу берилчү сый акылардын суммасы белгиленгенин билдирди.

Ага ылайык, Олимпиада, Паралимпиада жана Азия оюндарында алтын медаль алгандарга 10 млн сом, күмүш медаль алгандарга 7 млн сом, коло медаль алгандарга 5 млн сом берүү сунушталууда.

Андан тышкары, спортчунун акчалай сый акысынын суммасынан башкы машыктыруучуга – 30%, улук жана жеке машыктыруучуларга – 25%, биринчи машыктыруучуга жана медициналык кызматкерлерге – 10% өлчөмүндөгү бир жолку сый акылар белгиленген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты