Кыштын суугуна даярсызбы? Сизге үй жылыткыч тандашабыз (ФОТО)

Күн сууктап, кычыраган кыш мезгили жакындап келүүдө. Кышка отун-суу менен кошо уй жылыткычтарын дагы камдашат эмеспи. Биздин базарлардагы өтүмдүү болгон жылыткычтын түрлөрүн жана бааларын сунуштайбыз.

Электр конвекторлуу жылыткычтар



Кыштын суугуна даярсызбы? Сизге үй жылыткыч тандашабыз (ФОТО)









Муздак абаны төмөнкү жагында жайгашкан темир түтүк түрүндөгү электр жылытуучу прибор менен ысытып, жылыган абаны жогору жагынан чыгарып турат. Аны полго койсо да, дубалга орнотсо да болот. Жылуулук берүү кубаты 1-5 киловаттка чейин. Өрт чыгаруу коркунучу жокко эсе. Жылуулукту бир калыпта сактоочу прибор (термостат) менен жабдылган. Белгиленген температурага жеткенде автоматтык түрдө өчүп, кайра иштеп турат. Температураны жогорулатып жана төмөндөткөнгө болот. Бөлмөнү тез жылытат. Кемчилиги, абаны кургатып жиберет. Баасы:

1 кВт-2500 сом;

1,5 кВт-3500 сом:

2 кВт-4500 сом:

5 кВт- 9500 сом.

Жылуулук “пушкалары”

Кыштын суугуна даярсызбы? Сизге үй жылыткыч тандашабыз (ФОТО)









Өрт коопсуздугуна жакшы.

Бөлмөнү тез жылытат.

Жылуулук берүү кубаты 1,5 — 3 киловаттка чейин.

Кемчилиги, абаны кургатып жиберет.

Баасы киловаттына жараша 3500 сомдон жогору.

Кварц түтүкчөлүү жылыткыч


Кыштын суугуна даярсызбы? Сизге үй жылыткыч тандашабыз (ФОТО)









Башка жылыткычтардан айырмасы абаны эмес, жанындагы буюм-тайымдарды жылытат. Анан жылыган буюмдардагы жылуулук абаны ысытат. Тез жылытат. Температураны жогорулатуу жана төмөндөтүү мүмкүн.

Баалары чыгарган өлкөсүно (Россия, Кытай) жараша айырмаланат.

Май менен иштөөчү жылыткычтар

Кыштын суугуна даярсызбы? Сизге үй жылыткыч тандашабыз (ФОТО)

Мындай жылыткычтын көлөмү ар түрдүү жана ошого жараша жылуулук берүү кубаты 1 -2,5 киловаттка чейин. Абаны кургатпайт. Иштей турган убактысын (таймер) белгилеп койсо болот. Температураны жогорулатуу жана төөмөндөтүү мүмкүн. Өрт чыгаруу коркунучу жокко эсе. Бөлмөнү жылытууга коп убакыт сарптайт.

Баасы көлөмүнө жараша 3500-4500 сом.

Даярдаган Бек Оморбеков

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты