Сот «Вечерний Бишкек» гезитинин «Кактус Медиа» сайтына каршы доо арызын 15-февралда карайт

  • 2 года мурун

«Вечерний Бишкек» басылмасынын «Кактус Медианын» үстүнөн жазган арызы 15-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралат.

Белгилей кетсек, соттук териштирүүгө «Кактус Медианын» сайтына жарыяланган «Вечерний Бишкек» гезитинин жабылышы жана кызматкерлеринин жумуштан айдалганы тууралуу макала себеп болгон.

Басылма «Кактус Медиада» жарыяланган макаладагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын айтып, андагы маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда.

«Вечерний Бишкек» соттон «Кактус Медиадан» жалпы 50 миллион сом кенемте өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты