Кыргызстан Германияга болгон карыздын эсебинен жарандарга жеңилдетилген ипотекалык насыяларды берет

  • 1 год мурун

Кыргызстан өлкөнүн тышкы карызын социалдык долбоорлорго алмашуунун алкагында Германияга болгон карыздын эсебинен жарандарга жеңилдетилген ипотекалык насыяларды берет. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын майында Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Германиянын KFW өнүктүрүү банкынын ортосунда Кыргызстандын Германияга суверендүү карызынын шарттарын өзгөртүү жөнүндө «Карызды алмаштыруу IV – Турак жай программасы» макулдашуусуна кол коюлган. Анын алкагында 14,9 млн евро өлчөмүндөгү каражат этап-этабы менен «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомуна берилет.

«Бүгүнкү күндө 4,966 млн евро өлчөмүндөгү биринчи транш берилди. Бул каражаттар «Карызды алмашуу IV – Турак жай программасы» макулдашуусунун алкагында өлкөнүн аймактарында (Бишкек жана Ош шаарларынан башкасы) жашаган жана иштеген, ишмердиктин түрүнө карабастан, бардык категориядагы жарандарга жеңилдетилген ипотекалык кредиттерди берүүгө жумшалат», — деп жазды Султанбаев.

Ал президенттин өнөктөш өлкөлөргө жана каржы институттарына өлкөнүн тышкы карызын жашыл демилгелерди ишке ашыруу боюнча кайрылуусуна алгачкы жооптор келе баштаганын кошумчалады.

«Айрым өлкөлөр кыргыз тараптын демилгесине кызыгып, жашыл экономика тармагындагы конкреттүү долбоорлор менен КР Министрлер Кабинетинин программасын сунуштоо өтүнүчүн билдиришүүдө», — деди Султанбаев.

Президент Садыр Жапаров 8-январда Кыргызстандын тышкы карызын төлөөнүн ордуна, “жашыл” долбоорлорду сунуштап, өнөктөш өлкөлөр жана эл аралык каржы институттарына кайрылуу жасаган.

«Жашыл экономика жаатында дүйнө өлкөлөрүнүн арасында аябай эле артта калып жатканыбыз жашыруун эмес. Биз бул жагдайды болушунча тез өзгөртүүнү ниеттенип жатабыз. Бул демилгебиз донор өлкөлөрдө, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдө колдоо табат деп ишенебиз. Азыркы учурда Кыргызстанда элүүгө жакын чакан жана орто ГЭСтери курулууда. Бирок бул дагы жетишсиз. Бизде даяр инвестициялык долбоорлор бар. Чакан ГЭСтерден баштап, 1000 МВт чейинки кубаттуулуктагы ГЭСтерди курсак болот, створлору даяр. Өлкөдөгү энергетикалык объектилерди жана ГЭСтерди курууга Кыргызстан карыз болгон өлкөлөр жана каржы институттары катыша алмак. Биз биргелешип Кыргызстанда жашыл долбоорлорду ишке ашырабыз, анын ордуна тышкы карыздар кечирилсе жакшы болмок деп ойлойбуз»,-деп айтылат президенттин кайрылууда.  

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын тышкы карызы 4,2 млрд АКШ долларынын тегерегин түзүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты