Аскарбек Шадиев өзүнө козголгон кылмыш иштерде саясий боёк бар деди (фото)

Бозгунда жүргөн экс-депутат, экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев расмий билдирүүсүн таратты. Анын айтымында, ага карата козголгон кылмыш иштери саясатташкан, негизсиз жана жасалма уюштурулган. Ошондуктан Шадиев Кыргызстандын сот адилеттигине ишенбейт.

Аскарбек Шадиев өзүнө козголгон кылмыш иштерде саясий боёк бар деди (фото)

«Менин айланамда болуп жаткан иштердин баары саясий куугунтук болуп эсептелет. Мени саясий талаадан четтетип, ошону менен бирге менин мүлктөрүмдү ээлеп алуу. Бардык айыптар ойдон чыгарылган. Мен өлкөдө болуп жаткан окуялардан кийин адилеттүү соттук териштирүүлөргө үмүт артуу майнапсыз деп эсептейм. Жаңы кылмыш иштерин ойлоп чыгарышы да мүмкүн. Система даяр өкүмдө чыгарып берет» — дейт Шадиев. Муну менен катар ал Кыргызстанга кайтуу ниети жоктугун билдирген.

Анын ишендиришинче Кыргызстандан чыгып кетүүгө жеке коопсуздугу себеп болгон. Ал эми чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген айыптоолор чындыктан алыс.

«Иш мени камакка алууга же башка жол менен эсебимди табууга баратканы көрүнүп калды. Ошондуктан, өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн коопсуздугу үчүн өлкөнү таштап чыгып кетүүгө мажбур болдум. Мен чек араны мамлекеттин жараны катары мыйзамдуу кесип өттүм жана буга укугум бар эле. Чек арадан мыйзамсыз өттү деген айыптоо — куру доомат, мындай кинени башка өлкөдө такса жарашат — эгер мен Кыргызстандын жараны болсом, анан кантип мени анын чек арасынан өткөнүм үчүн соттомок эле. Баткен облусунун жүздөгөн тургундары күн сайын ID карта аркылуу каттоосу жок эле кирип-чыгып турушат. Бирок кылмыш ишин мага гана козгошту», — деп түшүндүрөт өлкөдөн чыгып кеткен себебин.

Ал эми парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын курамынан чыгуу тууралуу арызын жасалма деп, анын мандатын алуу чечимин мыйзамсыз деп эсептейт.

«Фракциядан чыгуу жана депутаттык мандатымды тапшыруу тууралуу эч кандай арыз жазган эмесмин. Эгерде партиялаштарым менин колум коюлган кандайдыр бир кагазга таянышкан болсо, анда аларды адаштырышкан. Мен эч жерге кол койгон эмесмин жана бул маселе боюнча бүгүнкү күнгө чейин эч ким менен байланышкан жокмун. Бул партияны чогуу түптөшкөн партиялаштарым, депутат-кесиптештерим мындай жасалмалоого барышканынан шегим бар. Бишкекте кимдир бирөөлөр тарабынан чүргөй салынган кагазды кыстара коюу менен аларды пайдаланышкан», — деген ой жорумун кошкон.

Ошого карабай Аскарбек Шадиев депутаттык мандат ага башкы маселе эместигин билдирген жана баары бир сот адилеттиги орнооруна үмүт кылган.

«Мен мандатка жармашпайм. Адилеттик орнойт жана элдин жана коомдун алдында акталам деп үмүт кылам жана бул үчүн колумдан келген бардык иш-аракеттерди жасайм», — деп аяктаган Шадиев өз билдирүүсүн.

Аскарбек Шадиев өзүнө козголгон кылмыш иштерде саясий боёк бар деди (фото)

Аскарбек Шадиев өзүнө козголгон кылмыш иштерде саясий боёк бар деди (фото)

Аскарбек Шадиевдин билдирүүсү. 02.11.2018-ж

Аскарбек Шадиев быйыл апрелде өлкөдөн качып кеткен соң эл аралык издөө жарыяланган. Ага карата үч кылмыш иши козголгон.

28-апрелде Башкы прокуратура Шадиевге “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ага КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн 30 000 долларды уурдады деген факты менен кылмыш иш ачылган.

25-июнда Шадиевге козголгон ишке “Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» беренеси боюнча экинчи иш кошулган. Ага 183-берене (криминалдык жол менен табылган каражатты мыйзамдаштыруу) боюнча айып тагылган.

«Бир Бол» фракциясы депутат Аскарбек Шадиевдин өз каалоосу менен фракциядан чыгуу тууралуу арызын тапшыргандыгына байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы 2-ноябрда аны мандатынан ажыраткан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн Аскарбек Шадиевдин ишин караганы жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты