Орусия Кыргызстандын аймагында 9 мектеп курат. Мектеп директорлору орус жарандары болот

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 23-январда Орусия менен Кыргызстанда орус тилдүү мектептерди куруу тууралуу түзүлгөн келишимди карап, жактырды.

Келишимге ылайык, Орусия Кыргызстандын жети облусунда жана Бишкек, Ош шаарларында 1200 орундуу бирден мектеп курат. Окуу программалары Орусиянын жана Кыргызстандын окутуу стандарттарына ылайык түзүлөт.

Бул билим берүү мекемелерин аяктаган окуучуларга эки өлкөнүн аттестаты берилет.

Мектеп директорлору Орусиянын жарандары болот. Талапкерлер кыргыз тарап менен макулдашылган соң тандалат.

Мектептерди үч жылдын ичинде салып бүтүү пландалууда. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, 1200 орундуу бир билим берүү мекемесин курууга 450 млн рубль сарпталат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты