Майлуу-Суу шаарында үчүнчү от казан иштей баштады

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 375 абонентти жылуулук менен камсыздоочу №3 от казан иштей баштады. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы маалымдады.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, учурда кезек-кезеги менен үйлөргө жылуулук берилип баштады.

№3 отказанды кайрадан иштетүү үчүн жаңы 500 метр узундуктагы желим түтүк Майлуу-Суу дарыясына чейин тартылып, суу насосу орнотулган. Буга чейин 1 миң 234 абонентти жылуулук менен камсыздаган №1 жана 198 абонентке жылуулук берген №4 отказан ишке берилген.

Учурда шаар тургундарын таза суу менен камсыздоо боюнча дагы суу түтүктөрүн эритүү иштери жүрүүдө.

Майлуу-Суу шаарында 30 миңге чукул эл жашайт. Шаарда 12-январдан баштап жылуулук токтоп, таза суу жана саркынды суулар аккан курлар тоңуп калган.

12-январь күнү өзгөчө кырдаал жарыяланып, азыр калыбын келтирүү иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты