Сулайманов: Шадиев өзү арыз жазган

Сулайманов: Шадиев өзү арыз жазганКачып кеткен экс-депутат Аскарбек Шадиевдин билдирүүсүнө Жогорку Кеңештеги “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов дароо жооп кайтарды. Анын сөзүнө караганда, депутаттыгын токтотуу боюнча Шадиев өзү арыз жазган, эми ал ЖК менен БШКны адаштырууда.

«Ал бизге кайрылган. Анын арызынын негизинде биз Боршайкомго кайрылып, мандаты алынды. Фракцияда эч ким анын атынан арыз жазбайт», — деди Алтынбек Сулайманов

Мунун алдында интернетте Аскарбек Шадиевдин атынан жазылган билдирүү пайда болгон. Анда Шадиев өзүнө каршы козголгон үч иш тең жасалма экенин, «Бир бол” фракциясынын чыгууга арыз жазбаганын, БШК аны депутаттык мандаттан мыйзамсыз ажыратканын жазган.

Аскарбек Шадиев быйыл апрелде өлкөдөн качып кеткен соң эл аралык издөө жарыяланган.

28-апрелде Башкы прокуратура Шадиевге “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ага КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн 30 000 долларды уурдады деген факты менен кылмыш иш ачылган.

25-июнда Шадиевге козголгон ишке “Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» беренеси боюнча иш кошулган. Июль айында ага 183-берене (криминалдык жол менен табылган каражатты мыйзамдаштыруу) боюнча үчүнчү кылмыш иши козголгон.

Аскарбек Шадиев парламентте 6 айдан ашык жок болгонуна жана 3 кылмыш иши козголгонуна карабастан депутатттык мандатын сактап келип, акыры Борбордук шайлоо комиссиясы 2-ноябрда Шадиевди мандатынан ажыраткан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн Аскарбек Шадиевдин ишин карап баштады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты