Майлуу-Суу шаарындагы 810 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлдү

  • 2 года мурун

Майлуу-Суу шаарынын аз камсыз болгон тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жардам президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн.

25 кг ун ,10 кг кумшекер жана 5 литр өсүмдүк майынан турган гумжардам 810 үй-бүлөгө таратылды.

Майлуу-Суу шаарында 30 миңге чукул эл жашайт. Шаарда 12-январдан баштап жылуулук токтоп, таза суу жана саркынды суулар аккан курлар тоңуп калган.

12-январь күнү өзгөчө кырдаал жарыяланып, азыр калыбын келтирүү иштери жүрүп жатат.

Учурда үч откананын экөө ишке кирип, шаардыктардын 63 пайызына жылуулук берилди. Ал эми таза суу жеткиреле элек. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты