Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Араван — Ак-Буура каналын жаңылоого 17 млн евро бөлөт

  • 2 года мурун

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Ош облусундагы Араван — Ак-Буура каналын модернизациялоо жана реконструкциялоо үчүн 17 млн 870 миң евро бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында маалым болду.

Айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов жогорудагы суммадан 14 млн 130 миң евро насыя түрүндө, 3 млн 740 миң евро грант түрүндө берилерин билдирди.

Анын айтымында, кредиттик каражаттар 15 жылга, төрт жылдык жеңилдетилген мөөнөткө жана өзгөрүлмө пайыздык чен менен берилет.

Мурат Раматов Араван — Ак-Буура каналын модернизациялоо жана реконструкциялоонун натыйжасында 21 миң гектарга жакын аянтын суу менен камсыздалышы жакшыра турганын белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты