Облус жетекчилеринин республикалык кеңешмеси өттү

  • 2 года мурун

22-январда облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын республикалык кеңешмеси өз ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешмеге Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик банктардын жана өнүктүрүү фонддорунун жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик банктардын, ошондой эле өнүктүрүү фонддорунун жетекчилери 2023-жылга пландарын сунуштап, анын ичинде аймактык долбоорлордун жана демилгелердин алкагында өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үч күндүк кеңешменин жыйынтыгын чыгарып, облус жана фонж жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин сайтынан алынды

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты