Орусиялык активист аны Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз кылышканын билдирди

  • 2 года мурун

Кыргызстандын бийлиги орусиялык жарандык активист жана «Весна» кыймылынын мүчөсү Тимофей Илюшинди өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз кылды. Бул тууралуу «Настоящее Время» телеканалы кабарлады.

Кыргызстанда жети айдан бери жашап келген Илюшин Бишкек шаарында Орусиядагы саясий туткундарды колдогон жана Москванын Украинага каршы согушуна каршы эки тынч митинг өткөрүүнү пландаган.

«Өткөн жумада митинг өткөрүү боюнча Бишкек мэриясына билдирме жөнөткөм. Көп өтпөй милиция кызматкерлери мени Шаардык ички иштер башкармалыгына алып барып, суракка алышты. Менден эмне иш кыларымды, кандай уюмдарга мүчө экенимди сурашты. Ошондой эле «Эмне кылайын деп жатканыңды түшүнүп турасыңбы?», «Орусия менен мамилебизди бузгуң келип жатабы?» деген сыяктуу суроолорду беришти», – деди активист.

Илюшиндин айтымында, сурак маалында аны өлкөдөн чыгып кетүү тууралуу документке кол коюуга мажбурлап, болбосо Орусияга депортациялана турганын айтышкан. Мындан соң ал Алматы шаарына чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Бишкек милициясынан баш калаада митингдерди өткөрүүгө тыюу салынганына байланыштуу Тимофей Илюшинге уруксат берилбегенин билдиришти. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, активист жашаган жерине өз убагында каттоого турбай, Кылмыш-жаза кодексинин 431-беренесин бузган. «Жыйынтыгында тиешелүү протокол түзүлүп, электрондук реестрге киргизилди. Ага айып пул жазылгандан кийин кое берилди», – деп жазылган билдирүүдө

Тимофей Илюшин Орусиядан быйыл июнь айында чыгып кетип, Минск, Астана жана Алматы шаарлары аркылуу Кыргызстанга келген. Ага чейин Орусияда бир нече нааразылык акцияларга катышкан. «Весна» жаштар кыймылына мүчө болгондон кийин саясий темаларда билдирүүлөрдү жазып жүргөн. Ал Орусия Украинага кол салгандан кийинки алгачкы согушка каршы митингдердин уюштуруучуларынын бири болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты