Айдоочулук күбөлүк үчүн пара алган аткаминер кармалды

Айдоочулук күбөлүк үчүн пара алган аткаминер кармалдыУКМКнын маалымат кызматы бүгүн тараткан маалыматка караганда, Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкек шаардык транспорт каттоо жана айдоочулук курам боюнча бөлүм башчысы коррупцияга тиешеси бар деп кармалды.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы аталган мекемеде коррупциялык иштер болгонун аныктаган. “Мекеменин бөлүм башчысы материалдык кызыкчылыктардан улам коррупциялык схема түзүп, жарандардын унааларын каттоо жана кайра каттоодо мыйзамсыз каражат алып жүргөн. Ошондой эле айдоочулук мектептердин бүтүрүүчүлөрүнөн айдоочулук күбөлүк берүү үчүн дагы пара алынып келген», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Шектелүүчү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, ага Кылмыш жана жаза кодексинин 313 (опузалап пара талап кылуу), 304 (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 314-беренелери (пара берүү) менен кылмыш иши козголду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты