Шадиевдин иши боюнча сот башталат

 

Шадиевдин иши боюнча сот башталат

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Аскарбек Шадиевдин иши боюнча соттук процесс башталат. Ал бир нече кылмыш иши боюнча шектелип жатат.

28-апрелде Башпрокуратура Шадиевге “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн 30 000 долларды уурдады деген факты менен кылмыш иш ачылган.

Бирок, ага чейин бир күн мурун, 27-апрелде, Аскарбек Шадиев Баткен облусу аркылуу чек арадан өтүп, Тажикистанга, андан ары Нью-Йоркко кеткени белгилүү болгон.

25-июнда Шадиевге козголгон ишке “Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» беренеси боюнча кылмыш кошулган.

Ал эми июль айында Аскарбек Шадиевге 183-берене (криминалдык жол менен табылган каражатты мыйзамдаштыруу) боюнча үчүнчү кылмыш иши козголгон.

Аскарбек Шадиев парламентте 6 айдан ашык жок болгонуна жана 3 кылмыш иши козголгонуна карабастан депутатттык мандатын сактап келген. Борбордук шайлоо комиссиясы 2-ноябрь күнү Шадиевди мандатынан ажыраатты.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты