Ошто адам өлтүрүүгө шектелгендердин алтынчысы кармалды. Дагы үчөө изделүүдө

  • 2 года мурун

Ош шаарында адам өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн дагы бир адам кармалды. Дагы үч жаран изделүүдө. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 19-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, буга чейин аталган иш боюнча беш жаран кармалып, эки айга тергөө абагына киргизилген. Алардын арасында «Женго» каймана аты менен таанымал, буга чейин дагы оор беренелерге айыпталып, бир нече жолу соттолгон Кадыр Досонов бар.

13-январда Ош шаарында белгисиз бирөөлөр бир кишини арматура менен койгулап жатканы тартылган видео коомчулукта катуу талкуу жаратты. Үрөй учурган бул окуяда бир адам өлүп, дагы бир киши катуу жабыркаганы маалым болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты