ТИМ: Ооганстандагы кыргыздардын массалык өлүмү тууралуу маалымат тастыкталган жок

  • 2 года мурун

Ооганстандагы этникалык кыргыздардын белгисиз вирустан улам массалык түрдө каза болуп жатканы тууралуу маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйынында билдирди.

Ал Памирдеги этникалык кыргыздар турмуштук оор шарттан улам жыл сайын ар кандай жагдайда каза болушарын айтып, бирок алардын белгисиз вирустан массалык түрдө каза болгону тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын белгиледи.

Анын айтымында, бул маселени Кыргызстандын Кабулдагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Санжар Алгожоев өз көзөмөлүнө алган.

Эске салсак, буга чейин ЖМКда Памирдеги этникалык кыргыздар белгисиз вирустан массалык түрдө каза болгондугу тууралуу маалымат тараган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты