«Кумтөр Голд Компанинин» издөөдө жүргөн мурдагы аткаруучу директору кармалды

  • 2 года мурун

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын мурдагы аткаруучу директору Канат Курманов кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Курманов 14-январда «Манас» аэропортунда чек арадан өтүүгө аракет кылган учурда кармалып, Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгына жеткирилген.

Соттун чечими менен Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилди.

Учурда аталган иш боюнча териштирүү иштери уланууда.

Эске сала кетсек, Канат Курмановго Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында издөө жарыяланган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты