Ошто дагы бир турак жай кооперативинин үстүнөн кылмыш иши козголду

  • 2 года мурун

Ошто «Муслим» турак жай кооперативинин үстүнөн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган турак жай кооперативинин жетекчиси А.А.нын үстүнөн өткөн жылдын декабрынан тартып 8 арыз түшкөн.

Арыздарда шектүү А.А. жабырлануучуларга үй жана унаа алып берүүнү убадалап, чоң суммадагы акча алганы, бирок убадасын аткарбаганы жазылган.

«Арыздануучулардын бири Т.Б. аттуу жаран «Муслим» турак жай кооперативинин жетекчисине үй алуу үчүн 1 млн 600 миң сом берсе, дагы бир жаран автоунаа алуу үчүн 210 миң сом берген. Бүгүнкү күндө милицияга ушундай мазмундагы 8 арыз түштү. Ак-Буура милиция бөлүмүнүн алган ыкчам маалыматтарына караганда, жабыркагандар мындан бир нечеге көп жана алар Ош шаарынан гана эмес, республиканын башка аймактарынан дагы болушу мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү шектелип жаткан жарандан жабыркагандар болсо 03222-6-64-02, 0700-50-50-37 номерлери аркылуу байланышып коюуну өтүнөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты