“Кыргызалтындын” жетекчиси алмашты
- 2 года мурун
“Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын жетекчиси Элдияр Калдарбеков кызматтан кетти. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу жазды.
33 жаштагы Калдарбеков «Кыргызалтындын» жаңы жетекчилигине 2022-жылдын 2-сентябрында дайындалган.
Калдарбековдун ордуна «Кыргызалтындын» директорлор кеңешинин мүчөсү Кубат Абдраимов бара турганы айтылууда. Ал кесиби боюнча юрист. Буга чейин Ош шаарынын прокурору болуп иштеген.
Муну бөлүшүү