Таласта ырчы Малик Аликеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө
- 2 года мурун
Бүгүн, 19-январда Таласта Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.
Ырчынын сөөгү Талас районунун Көпүрө-Базар айылында жерге берилет.
Малик Аликеев 17-январда 54 жаш курагында оорудан улам дүйнөдөн кайткан.
Аликеев элге “Мөлмөлүм”, “Арзыкан”, Сардал кыз” сыяктуу ырларды аткаруу менен таанылган.
Былтыр 4-декабрда ал улуттук филармонияда “Өмүр жөнүндө ой толгоо” аттуу жеке концертин берген.
Муну бөлүшүү