Орто жана чакан бизнестин электр энергиясын пайдалануусу текшериле баштады

  • 2 года мурун
Орто жана чакан бизнестин электр энергиясын пайдалануусу текшериле баштады

Бишкектеги кафе-ресторандар, ири соода борборлор жана сауналар электр энергияны уруксат берилген көлөмгө ылайык пайдаланып жаткандыгы текшерилди. Бул тууралуу «Улуттук энергохолдинг» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, текшерүү өлкөнүн энергосистемасында түзүлгөн кырдаалдан улам жүргүзүлүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгында орто жана кичи бизнестин ээлерине электр энергиясын жылытуу максатында колдонбоо, ал үчүн альтернативдик жылытуу булактарына өтүү жана электр энергиясын үнөмдөө сунушталды.

«Улуттук энергохолдинг» күз-кыш мезгилинде керектөөнүн өсүшүн басаңдатуу максатында рейддер республика боюнча өткөрүлө турганын билдирди.

Буга чейин Энергетика министрлиги Кыргызстанда электр энергиясын керектөө өлкө тарыхында биринчи жолу суткасына 76,4 миллион киловатт саатка жеткенин маалымдаган. Мекеме кезеги менен атайылап өчүрүү жок экенин, чоң көмөк чордондоруна келтирилген күчтү азайтуу иштери жүрүп жатканын айткан.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жер-жерлерде жарык маал-маалы менен өчүрүлүп жатканын белгилеп, элге ыңгайлуу болуш үчүн анын жадыбалын берүүнү сураган.

Кыргызстандыктар ар кайсы аймактарда жарык маал-маалы менен өчүп жатканын социалдык тармактарда жазууда. Айрымдары өзгөчө ири шаарлар Бишкек, Ошто электр энергиясынын ар кайсы убакта өчүрүлгөнүнө нааразылык айтып жатышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты