Оштогу көк бөрүдө Чүйдүн командасы алдыга чыкты

Оштогу көк бөрүдө Чүйдүн командасы алдыга чыктыОш шаарында өткөн Көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугунда Чүй облусунун командасы жеңүүчү болду. Финалдык беттеште Чүй менен Ысык-Көл облустарынын командалары беттешип, жалпы эсепте 5:1 эсеби менен чүйлүктөр жеңишке жетти.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдиргендей, мелдештин байге фонду 1 миллион 180 миң сомду түздү. 1-орунга 500 миң сом, 2-орунга 250 миң сом, 3-орунга 100 миң сом, 4-орунга 80 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды. 5-орундан 9-орунга чейинки катарда жайгашкан командалардын ар бири 50 миң сомдон алышты.

Көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугу бул ирет улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата өткөрүлдү.

Көк бөрү боюнча өлкө чемпионаты 2014-жылдан бери өткөрүлбөй келген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты