Бишкекте эл ташыган автобусту өрт чалды

Бишкекте эл ташыган автобусту өрт чалдыОрдо калаанын чок ортосунда, Чүй менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде шаардык 7-каттамда жүргүнчү ташып бараткан автобуста өрт чыкты. ӨКМ кырсык тууралуу маалымат бүгүн (3-ноябрь) кечки жетиден он төрт мүнөт өткөндө түшүп, ошол замат бир өрт өчүргүч унаа чыгып кеткенин билдирди.

Күбөлөрдүн айтымында, өрт автобустун арт жагынан чыккан жана ошол замат жүргүнчүлөр сыртка чыгарылган. Өрт өчүргүчтөр да убагында жетип келген.

Бактыга жараша жабыркагандар жок. Көп өтпөй өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Тиешелүү адистер анын себептерин териштирүүдө. Айрым маалыматтарга караганда, өрт автобустун артындагы кыймылдаткыч жайгашкан жактан чыккан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты