Азия өнүктүрүү банкы жана БУУнун өнүктүрүү программасы аркылуу 96 рентген-аппараты сатылып алынды

  • 2 года мурун

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) жана БУУнун өнүктүрүү программасы аркылуу Кыргызстандын саламаттык сактоо уюмдарына 96 рентген-аппараты сатылып алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, диагностикалык процедуралардын сапатын жогорулатуу максатында 2022-жылдын декабрь айында Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) аркылуу 44 (20 стационардык жана 24 көчмө) жана БУУнун өнүктүрүү программасы аркылуу Глобалдык фонддун каражатына 52 рентген-аппараты (30 стационардык, 22 көчмө) сатып алынган.

Жаңы алынган аппараттар рентгендери жок же иштен чыккан саламаттыкты сактоо уюмдарына таратылган. Бүгүнкү күндө бардык аймактарда жабдууларды орнотуу процесси жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты