Акылбек Жапаров Ош шаарындагы жылуулук электр борборунун иши менен таанышты

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы жылуулук электр борборуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров Ош шаардык ЖЭБинин абалы менен таанышып, жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн резервдик жабдыктардын жана отун запастарынын жетиштүү экендигинен кабар алды.

Борбордун директору Нурлан Арапбаев ишканадагы жабдуулар штаттык режимде иштеп жатканын, жылуулук жана электр энергиясын иштеп чыгуу жана камсыздоодо мүчүлүштүктөр жок экенин белгиледи.

Аталган борбор Ош шаарындагы 330 көп кабаттуу үйдү, 199 турак-жайды жана 88 социалдык объектини жылуулук жана электр энергиясы менен камсыздайт. Анда 2 турбоагрегатор, 2 трансформатор, 2 ысык суу казандары иштеп жатат.

Акылбек Жапаров жылытууну акырындык менен борборлоштуруудан алыстатуу зарылдыгын белгилеп, жаңы турак жайларды долбоорлоодо автономдуу отканалар каралышы керектигин билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты