Күн кескин сууктайт
- 6 лет мурун
- Маек
Бүгүн, 3-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° суук…+2° жылуу тегерегинде;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 9…14° жылуу;
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында;
Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -2…-7° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -5…-10° суук болушу күтүлөт.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!