Президенттин администрациясы прокуратуранын беш жетекчисин кызматтан алууну сунуштады

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда милиция кызматкерлеринин кармалышына байланыштуу президенттин тапшырмасы менен түзүлгөн жумушчу топ прокуратура органдарынын бир катар жетекчилерин жумуштан алууну сунуштады. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

27-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет Сузак райондук милициясынын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы жана анын эки кызматкери кармалганын маалымдаган. Алар оор кылмышты жашырууга шек саналып, Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде эки айга тергөө абагына камакка алынган.

Аталган иш боюнча президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен президенттин администрациясынын кызматкерлеринен Жалал-Абад облусунун укук коргоо жана көзөмөл органдары тарабынан өзүнө жүктөлгөн милдеттердин талаптагыдай аткарылышын иликтөө үчүн жумушчу топ түзүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча прокуратура органдарынын айрым жетекчилери тарабынан мыйзам талаптарын бузуу жана тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларына талаптагыдай эмес көзөмөл кылынган фактылар аныкталган.

Буга байланыштуу президенттин администрациясы башкы прокурордун биринчи орун басары А. Молдокматовду, Жалал-Абад облусунун прокурору А. Киязовду, Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары З. Тойчубаевди, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокурору Б. Сыдыгалиевди, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокурорунун орун басары Т. Кенжебаевди кызматтан алууну сунуштады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты